Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2-сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/10
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 8-февралындагы № 92 каты жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 8-февралындагы №92 катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн ишин толокандуу жүргүзүү үчүн сметага ылайык керектелүүчү каражаттарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык каржы бөлүмүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кайра калыбына келтирүү боюнча тийиштүү жерлерге кайрылуу жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |