Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин 27-шайланган 4-сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 4/1
Он-Арча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Абдыкадыровдун кайрылуусу жөнүндө
Он-Арча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Абдыкадыровдун айыл өкмөтү тарабынан берилип жаткан маалымдамалары (№ 1,2,3,4,5) жана айыл тургундарына берилип жаткан мал сатуу боюнча маалымдаманын төлөм акысын карап жана берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап XXVII шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Арча айыл өкмөтүнүн Маалымдамалары (№ 1,2,3,4,5) төлөм акысы 10 сомдон жана мал сатуу боюнча маалымдама төлөм акысы 30 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жооптуу катчы Ж Абдыкадыровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Мандат, депутаттык иш, этика,коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты,жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | М. Босунов |