Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин 27-шайланган 4-сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 4/3
Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки Башы айылынын тургуну Кыдыров Майрамбектин арызын кароо жөнүндө
Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылынын тургуну Кыдыров Майрамбектин арызы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын XXVII шайланган Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин I V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл өкмөтүнүн администативдик аймагындагы Бишкек-Нарын –Торугарт авто жолунун 324,5 км дагы № 1190-1191-1192 контурундагы 1,70 га жер аянтынан АЗС салуу үчүн келишимдин негизинде Кыдыров Майрамбекке 0,15 сотых жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тиешелүү документтерин келишимдерин мыйзамдаштуруу жагы Он-Арча айыл аймагынын башчысы А. Молдосалиевге жер адиси К. Турсуновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Мандат,депутаттык иш,этика,коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты,жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М. Босунов |