Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 30-марты №9
Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык маршруттук автобусттардын жана жеке менчик микроавтобустардын жол кире акысын жогорулатуу жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын келип түшкөн 31.01.2012-жылдагы №02 жана 21.12.2011жылдагы №53 сандуу каттарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып 2012-жылдын 20-январындагы чечимин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуучу агентиктин катынын, Мамлекеттик антимонополияны жөнгө салуу башкармалыгынын сунушу менен жол кире каттамы Муниципалдык автобазанын жол кире акысы 6 (алты) сомго жана жеке менчик микроавтобустардын жол кире акысы 8 (сегиз) сомго көтөрүлсүн.
2. Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын, жеке менчик микроавтобустардын жол кире каттамдарына тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына
(Т. Эгембердиев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик реестирге киргизүү жагы Жалал-Абад шаардык кенештин жооптуу катчысы Г. Мамашовага милдеттендирилсин
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.
Төрага | Н. Эрматов |