Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели №20-8
Ат-Башы айыл округунун административдик аймагында 1-2-3 группадагы мүлккө салык алуу жана жер салыгын алууну киргизүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын «Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктусун ишке ашыруу үчүн жана жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында депутаттардын Ат-Башы айыл округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январь айынан баштап Ат-Башы айыл округунун административдик аймагынын ичинде төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
-Айыл чарба багытындагы жер салыгы, айыл чарба багытына арналбаган жер салыгы, короо жанында жана багбанчылык-огород участкаларынан алынуучу салык;-1-2-3-группадагы мүлк салыгы.
2. Салыктардын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул чечимди Юстиция министрлигинин Нарын областык башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун бир нускасы Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Ажыбаев
|