Загрузка документа…
АТ-БАШИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели №20-9
Айылдын айыл чарбасына арналбаган жерлерине 2012-жылга жер салыгын эсептөө үчүн К1-зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө үчүн К1-зоналдык коэфициентинин өлчөмү айыл округдук Кеңештин сессиясында бекитилет. МСИнын Ат-Башы району боюнча башкармалыгы 12.03.2012-жылдагы №09.239 каты менен жана Ат-Башы базарынын ээси Н.Бактыбеков Ат-Башы базарынын жер салыгын эсептөөдө К1 -зоналдык коэфициентин 0,3 менен бекитип берүү жагын сурап кайрылышкан.
Бул маселе боюнча башкы салык адиси Т.Барктабасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ат-Башы айыл округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын чет жагында жайгашкан Ат-Башы базарынын айына 4 гана жолу иштегенин эске алып, жер салыгын эсептөөдө К1-зоналдык коэфициентин 0,5 эсебинде бекитилсин.
2. Ат-Башы айылынын аймагында жайгашкан башка юридикалык жана физикалык жактарга айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө К1-зоналдык коэфициент 1,0 эсебинде бекитилсин.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Ажыбаев
|