Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-апрели №4
Жайыт комитетинин 2011-жылы аткарган иштери жана 2012-жылга бюджетин кароо жөнүндө
Эл депутаттардын Тобокел уулу Жумаалы атындагы Ак-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы И.Суеркуловдун жана бухгалтери Н.Жанузаковдун 2011-жылда аткарган иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджети 315 099 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жайыт комитетинин төрагасына айына 6000 сом өлчөмдө айлык акы бекитилип берилсин
4. Жайыт комитетинин бухгалтерине айына 5000 сом өлчөмдө айлык акы бекитилип берилсин.
5. 2012-жылга жайыт акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бодого- 57.31 сом
- Жаш бодо малга -40,11 сом
- Кой-эчкиге- 11,46 сом
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын жайыт комитетинин төрагасы И.Суеркуловго тапшырылсын.
Ак-Талаа айылдык кеңештин төрагасы |
А.Алмакунов |