Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-майы №14
Малчыларды көчүрүү жана малдарга кесүү бадаларды уюштуруу жөнүндө
Эл депутаттардын Тобокел уулу Жумаалы атындагы Ак-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдап себүү өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу, мал багуучулардын көчүп кетүүсү 10-май 2012-жылга, ал эми кайра көчүп келүүсү 15-октябрь 2012-жылга белгиленсин.
2. Белгиленген мөөнөттө көчүп кетпеген малчыларга 5000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
3. Малды багуу бодо малга 150 сом ,кой –эчки 25 сом деп бекитилсин .
4. Корук иштери уюштурулсун жана камакка түшкөн бодо малга 200 сом , кой эчкиге 50 сомдон бекитилсин.
5. Элдин жайында керектөөчү малдарын багуу үчүн ички, ортонку жайыттарга малчылар калтырылсын.
6. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Максут уулу Асанбекке тапшырылсын.
Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Алмакунов |