Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/6-4
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын тургундарынын арызы боюнча Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зарбалик айылынын тургуну Сулайманов Камчыбектин үйүндө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр энергия, көмүр менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн тушуучу взностун эсебинен каржылансын, ал эми 2016-жылдын бюджетине жогорудагы маселелер сунуш кылынсын, үй ээси менен келишим түзүү маселеси айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Зарбалик айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|