КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXII сессиясы
2016-жылдын 31-марты № 3
Жогорку чыңалуудагы электр таянычтарын орнотуу үчүн жерлерди трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура жаратылыш паркынын аймагынан жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын өткөрүүгө “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына Кара-Буура айыл аймагына тиешелүү 2720 м2 жерди трансформациялоо жагы Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|