Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXVI сессиясы
2016-жылдын 24-июну № 4
Кызыл-Адыр айылындагы жер аянттарын сатууга чек коюу жөнүндө
Кызыл-Адыр айылында социалдык обьектилерди курууга жер тилкесин аныктап жана ал жер тилкелерин сатууга, ижарага берүүгө чек коюу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан мурдагы эски котельныйдын түштүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 585,0м2 жана райондук аскер комиссариатынын түштүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 32096,0м2 муниципалдык менчиктеги жер аянтчаларына социалдык обьектилерди куруу үчүн калтырылсын
2. Аталган жер участокторун сатууга тыюу салынсын.
3. Тактомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана муниципалдык менчик жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|