Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 29/1
Мектептерде билим берүүнүн абалы, медициналык жактан тейлөөнүн абалы жана маданий массалык иштерди жүргүзүүнүн абалы жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
- мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Талды-Суу айылындагы ҮДТга келген автомашинаны натыйжалуу пайдалануу ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага милдеттендирилсин
- ҮДТнын жылуулук системасын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүү ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага тапшырылсын.
3. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө маданий массалык иштерди жүргүзүүнүн абалы канааттандырарлык деп табылсын.
- Талды-Суу айылдык клубун курууга аракеттерди көрүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мектеп директорлору Т Багышовко, О Байковага, Э Жантемировага, ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага, Талды-Суу айылдык клубунун башчысы Р Кыдырбаевке милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Молоев |