Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 22-августу № 6/4
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинен акча бөлүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна барып облустун атынан катышууга, Салбуурунга – 10 миӊ сом, Ордочуларга – 10 миӊ сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөт кызматкерлерине Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна барууга жол кире үчүн – 10 миӊ сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына 6 (алты) тонна көмүргө 24 миӊ сом акча каражаты, тех условияга 4725 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. «Тамчы-Булак» балдар бакчасына 30 миӊ сом, «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына 30 миӊ сом акча каражаты жууркан алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. А.Койчуманов орто мектебинин туалет, душун каздыруу үчүн 60миӊ сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |