Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 12-ноябыры,№ 25/19-65
Кайынды айылдык округуна караштуу жалпы жайыттар учун 2010-2011жылдарга өндурулбөгөн төлөмдөр боюнча чара көрүү жөнүндө
Кайыңды айылдык округу 2009- жылы жайыттын салыгынан 200 миң сом акча каражатын чогулткан, ал эми «Жайыт бирикмеси» 2010-жыл үчүн -53900 сом; 2011-жыл үчүн- 29700 сом чогултту. Депутаттар, «Жайыт бирикмеси» элге маалыматты толук жеткирбей, түшүндүрүу иштери жүргүзүлгөндүктөн, салыктын төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жылдан жылга азайып баражаткандыгын баса белгилешти. Токой чарбасы эл менен келишим түзүп, тил табышып иштеп жаткандыктан, төлөмдөрү өз учурунда чогулуп жатат. «Жайыт бирикмесинин» жетекчилигине, токой чарбасы менен чогу иштешип, бир тыянакка келүү жагы сунушталды. Депутаттар, «Жайыт бирикмеси» малчылар менен иштеше албай жаткандыгын белгилеп, айыл өкмөтү менен бирдикте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жардам берүү боюнча иштиктүү чара көрүлсүн деп дайындашты. Ошондой эле 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча, жайыт пайдалану-учулардын алдында отчетунун жыйынтыгы менен, «Жайыт бирикмесинин» ишине баа берүү боюнча маселени кароону, айылдык округуна дайындалды. Күн тартибиндеги маселени карап Кайыңды айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жайыт бирикмесине» айылдык округдук кеңеши жана айылдык округу тарабынан 2011-жылдын этегине чейин чогу иштеп, иштиктүү чараларды көрүү жагы айылдык окрунунун башчысы М.Мызаевке дайындалсын.
2. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча, жайыт пайдалануучуларга отчет берүү жагы,
«Жайыт бирикмесинин» жетечиси К.Сейдибалиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы а\округдук кеңешинин айыл чарбасы боюнча,тармактык комиссясынын төрагасы К.Сулаймановко дайындалсын.
Кайыңды айылдык кенешинин төрагасы |
А.Мураталиев |