Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 30 ноябыры № 25/20-68
Кайыңды айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн эсебине «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунан келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча, айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиянын корутундусун бекитүү боюнча
Кайыңды айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн эсебине «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунан 162.8 миң сом акча каражаты келип түшкөн,андан тышкары демөөрчүлүк катары 173,0 миң сом, жалпысы 335,8 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебине которулду. Кайыңды айылдык аймагына караштуу 19.11.2011-жылы Арал, Чечдөбө айылдарынын жалпы элдик жыйынында кабыл алынган токтомунун негизинде, Кайыңды айлдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиянын корутундусуна, депутаттар тарабынан, сунушталган кошумча алымчасы эске алынып, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2011- жылдагы бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: кошумча кирешелер булагы 162.8 миң сомго, чыгашалар боюнча 162.8 миң сом бекитилсин.
2. Бюджетке түшкөн кошумча 162.8 миң сом акча каражаты Кайыңды айылдык аймагында жайгашкан мекеме-уюмдарды каржылоого керектүү статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
3. Арал,Чечдөбө айылдарын «Таза-Суу» менен толук камдуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында «Мекс- Ресурс» (ЗАО) демөөрчүлүк катары берилген акча каражаты Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: кошумча кирешелер булагы 173,0 миң сомго,чыгашалар боюнча 173,0 миң сом бекитилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кайыңды айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлөмүнүн башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |