Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 30.ноябыры № 25/20-69
Кайыңды айылдык аймагына караштуу жалпы жайыттардын 2010-2011 жылдар үчүн өндүрүлбөгөн төлөмдөр боюнча берилген тапшырманын жыйынтыгын кароо
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин айыл чарба тармактык комиссиясынын корутундусу каралып, 2011-жыл учун «Жайыт бирикмеси» тарабынан жайыт пайдалануучулардан 25100 сом акча каражаты чогултуп банка төгүлгөн, бул жалпы төгүлүүчү сумманын 8% түзүп жаткандыгы жана «Жайыт бирикмеси», айылдык аймактык кеңешинин 19 отурумунда берилген маалыматына кошумча эч кандай өзгөрүү болбой жаткандыгы көрсөтүлгөн. 2010–жылдын өндүрүлбөгөн жайыт акысы 128 миң сомду түзсө ал эми 2011-жыл үчүн 240 миң сомду түзүп жатат. Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы айыл чарба тармактык комиссиянын корутундусу боюнча, жайытка төлөнүлүүчү салык төлөмдөрүнүн планы эки жылдан бери аткарылбайт жана«Жайыт бирикмесинин» 2011-жыл үчүн кабыл алган иш планы аткарылбагандыгы эске алынып, бирикменин жетекчилигин алмаштыруу жана тийиштүү органдарга сессиянын атынан кайрылуу жагы сунушталды. Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин айыл чарба тармактык комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2010-2011 жылдар үчүн өндүрүлбөгөн төлөмдөр 368 миң сомду түзөт, өндүрүлбөгөн жайыт акысын өндүрүү боюнча эч кандай иштиктүү чаралар жүргүзүлбөгөндүгү белгиленип, «Жайыт бирикмесинин» жумушчу комиссиясына тартиптик чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагындагы «Жайыт бирикмесинин» жетекчилиги жайыт пайдалануучулар менен тил табышып иштешалбай, жайыт үчүн чогултулган акча каражаттарын кириштебей жаткан фактылыры боюнча элдин арасында нааразычылык пайда болуп жаткандыгы эске алынып, бирикменин жетекчилинин алмаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кайыңды айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мызаевке жүктөлсүн.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |