Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 30 ноябыры № 25/20-70/1
Кайыңды айылдык аймагында «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунун алтын кен изилдөө иштерин жүргүзүлүүсүнө уруксат берүү боюнча Арал,Чечдөбө айылдарынын токтомун бекитүү боюнча
2011–жылдын 19 ноябрында Кайыңды айылдык аймагына караштуу Арал, Чечдөбө айылдарынын жалпы элдик жыйыны өткөрүлгөн. Күн тартибиндеги маселе «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунун алтын кен изилдөө иштерин жүргүзүүлүшүн жана Кайыңды айылдык округунун айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө берген гуманитардык жардамды жана акча каражатын бөлүштүрүү үчүн, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү боюнча комиссия түзүү жана уюштурулган лагерге баруу үчүн жолго жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү боюнча маселе каралды. Депутаттар айылдардын инфраструктурасын оңдоо боюнча жогорууда аты аталган ишканадан жардам көрсөтүүсүн өтүнүштү. Күн тартибиндеги маселени карап Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу 2011-жылдын 19 ноябрындагы Арал,Чечдөбө айылдарынын элдик жалпы жыйынында кабыл алынган токтому бекитилсин.
2. «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунун алтын кен изилдөө иштерин жүргүзүлүшүнө уруксат берилгендигине байланыштуу жол жана лагер куруу үчүн жалпысы 3 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Кайыңды айылдык аймагынын 2011-2012 жылдар үчүн кабыл алынган социалдык–экономикалык өнүгүү Стратегиясын ишке ашыруу үчүн, иштиктүү чаралардын аткарылышына демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жагы
«Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунун жетекчилигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кайыңды айылдык аймактык айыл өкмөтүнүн башчысы
М.Мызаевке милдеттендирилсин.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |