Редакцияот 27.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-сентябры №185/31-5

Талас шаарынын аймагындагы 8860 даана тал-теректи муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү жана реестрге өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2011-жылдын 15-апрелиндеги №90 “Талас шаардык муниципалдык менчиктеги тал-теректердин авариялык абалын аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын 2011-жылдын 11-майындагы актысы боюнча аныкталган жалпы 8860 даана тал-теректи, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июлундагы №01-1/512 сандуу катын карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас шаарынын аймагындагы жалпы 8860 даана тал-терек муниципалдык менчик  башкармалыгынын балансына өткөрүлсүн жана реестрге өзгөртүү киргизилсин.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

Төрага

А.Джузупбеков