Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 4/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жылдардын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрү эске алуу менен 16732,2 миң сомго жана чыгаша болугу 16732,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата белгиленген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 15144,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 15144,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен,тендөөчү грант 10404,7 миң сом, өздүк кирешелер 4740,0 миң сомго, анын ичинде атайын каражат 650,0 мин сомго бекитилсин .
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбору 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө 15471,7миң сом анын ичинен тендөөчү грант 10570,2 миң сом, өздүк кирешелер 4901,5 миң сом өлчөмүндө белгиленсин, ал эми 2019-жылга киреш жана чыгаша бөлүгүнө 16168,0 миң сом анын ичинен тендөөчү грант 11072,5 миң сом, өздүк кирешелер 5095,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү түшкөн кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын жана жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын
5. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2017- 2018-2019 -жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша пуңкттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
Төрага | М. Атабаев |