Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 4/6
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда алкоголдук ичимдиктерди сатууну тартипке келтирүү жөнүндө
№2 Сопу-Коргон шайлоо округунун депутаты Б.Абдымаликовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жаштарынын жана депутат Б.Абдымаликовдун сунушунун негизинде айыл өкмөттүн аймагындагы соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча элдик жыйын өткөрүлсүн.
2. Мурда алынып келинген алкоголдук ичимдиктердин өлчөмүн 01.03.2017-жылга чейин сатуу ар бир дүкөндүн ээсине эскертилсин.
3. Эл көп топтолгон , билим берүү мекемелерине ичимдик сатуу соода түйүнүн аралыгы 150 метр алыстыкта болушу катуу көзөмөл кылынсын .
4. Ичимдик сатуучу соода түйүнүнүн ээсинин алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча уруксат алган лицензиясы текшерилип эгер жок болсо административдик укук бузуучу катары жазана салынары эскертилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө Алай РИМБ нун бөлүмчөсүнүн башчысы У.Ыдырысовко жана бардык айылдын башчыларына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Борошовко жүктөлсүн .
Төрага | М. Атабаев |