Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 5/1
Жайыт комитетинин пул топтоо боюнча комиссиянын курамын жана жайыт пул бербегендерге чара көрүү укугун бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши айылдык Кеңештин жайыт комитетинин төрагасы Жупуев Садыктын жайыт пул топтоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жайыт пул топтоо боюнча Алай айылдык Кеңешинин курамынын 9 кишиден турган комиссияга макулдук берилсин.
1. Кеңеш уулу Бектурсун- айыл өкмөтүнүн башчысы- кошундун төрагасы
2. М.Атабаев - Алай айылдык Кеңешинин төрагасы – кошундун мүчөсү
3. С.Жупуев - Жайыт комитетинин төрагасы - кошундун мүчөсү
4. К.Эшмаматов - КАБ дын төрагасы - кошундун мүчөсү
5. Ж:Тоокебаев – Жайыт комитетинин мүчөсү
6. Бардык айылдын башчылары - кошундун мүчөлөрү
7. С.Карыбеков - Айылдык кеңештин депутаты – кошундун мүчөсү
8. У.Ыдырысов –Сопу-Коргон ПОМ башчысы –кошундун мүчөсү
9. Б.Машаев – Айыл өкмөтүнүн жер адиси –кошундун мүчөсү
2. Жайыт пул төлөөнүн шарттарын бардык жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы С.Жупуевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Жайыт пул топтоо боюнча комиссияга жайыт мыйзамынын 93 статьясына 2-пуңктунун негизинде жайыт пул төлөбөгөндөргө чара көрүү эскертүү берүү, сотко берүү укуктары берилсин.
4. Алай жайлоосундагы жайыт жерлерден тоют топтоо максатында чөп оруучулар менен келишим түзүүдө ижара аксы 1 га аянтка 1500 сом өлчөмүндө жайыт комитетинин төрагасы С.Жупуевге уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика жана мыйзамдуулук сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Борошовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Атабаев |