Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 248
Чоң-Токой айылынындагы Хан-Бүргө орто мектебинин өзүнө тиешелүү жер аянтчасынан спорт зал жана күн чыгыш тарабынан бош жаткан жер тилкесинен ашкана, актовый зал жана китепкана салуу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени айылдык Кеңештин депутаттары карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Токой айылынын элинин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Чоң-Токой айылындагы Хан-Бүргө орто мектебинин өзүнө тиешелүү жер аянтчасынан спорт зал курууга уруксат берилсин.
3. Чоң-Токой айылындагы Хан-Бүргө орто мектебинин күн чыгыш тарабынан бош жаткан жер тилкесинен ашкана, актовый зал жана китепкана курууга уруксат берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |