Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 28/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 15.08.2016-жылдын 23-1/2572 катынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 15.08.2016-жылдын 23-1/2572 катынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 5 - шайланган кезексиз 28 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 15.08.2016-жылдын 23-1/2572 катынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишиминин негизинде түзүлгөн калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн ортосундагы келиши бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |