Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 5/12
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 4999,2 сомго, чыгашалары 5620,1 сомго аткарылганы белгиленсин.
2. Жыл башында калган калдык 669,7 сомго, жыл аягында калган калдык 54,6 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |