Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 5/20
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жыл башында бош калган каражатка кошумча смета түзүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына бош калган бюджеттик каражаттан 187 301 сомду жана атайын каражаттан 59991 сомду бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына бош калган каражатынан айыл өкмөтүнө бюджеттин эсебинен
Бюджеттик эсеп боюнча:
2215- аппарат -ар кандай чыгымдар статьясына -187 301 сом
Баардыгы -187 301 сом
Атайын каражат боюнча:
2218 -бала бакча -тамак-аш статьясына -48 050 сом
2215 -аппарат -ар кандай чыгымдар статьясына -11 941 сом
Баардыгы -59 991 сом
2. Жалпы баардыгы 247 292 сом бекитилип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |