Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 6
Жумгал айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 9 токтомуна соц фонд төлөмдөрү өзгөргөндүгүнө байланыштуу,токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жумгал айыл окмотундо соц фонддун төлөмдөрү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, 2016-жылдан баштап, Жумгал айыл аймагына караштуу ФПС тин ижарага бериле турган жана ижарадагы кайрак айдоо, сугат айдоо жана саз чоп чабынды шалбаа, жерлерине алынуучу ижара акысын карап чыгып, талкуулап Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 9 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жумгал айыл өкмөтүндө соц фонддун төлөмдөрү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, 2016-жылдан баштап, Жумгал айыл аймагына караштуу ФПС тин ижарага бериле турган жердин арендасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. Кайрак айдоо жерлердин арендасы мурункудай 1 га жер үчүн- 200(эки жүз) сом бойдон калтырылсын (соц фонд, жер налог аренда акыдан тышкары өзүнчө кармалсын).
4. Сугат айдоо жерлеринин аренда акысы мурункудай 1 га жер үчүн 1000(миң) сом болуп калтырылсын (соц фонд, жер налог аренда акыдан тышкары өзүнчө кармалсын).
5. Шалбаа саз чоп чабындынын аренда акысы мурункудай калтырылсын 1 га чабынды үчүн 800(сегиз жүз) сом болуп калтырылсын (соц фонд, жер налог аренда акыдан тышкары өзүнчө кармалсын).
6. Жумгал айыл аймагындагы ФПС тин пайдаланууга жарактуу жерлеринин аренда акысын чогултуп, аларды тиешелүү жерге төгүп туруу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн жер адиси Нуркулов Уланга милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын жалпы козомолго алуу жагы жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Болоталиев Узак Сталбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |