Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-августу № 11
Жумгал айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы № 3 токтомунун негизинде болунгон 3111 статьясынан 2222 статьяга которуу жөнүндө
Жумгал айыл окмотунун кочо боюнча орнотулуучу көчө чырактарына акча каражаты аз каралып калгандыгына байланыштуу, 3111 статьядан 2222 статьясына 60 000(алтымыш миң) сом которуу жөнүндө башкы бухгалтер Ш.Карагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы № 3 токтомунун негизинде бөлүнгөн 3111 статьясындагы каражаттан 2222 статьясына 60,0(алтымыш миң) сом каражат которулсун.
2. Жумгал айыл өкмөтүнүн сметасында каралган 3111 статьясынан 2222 статьясына 60,0(алтымыш миң) сом которуу жагы Жумгал райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жумгал айыл өкмөтүнүн сметасындагы 3111 статьясынан 2222 статьяга которуу боюнча веб сайтка жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөл кылуу жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын башкы бухгалтери Ш.Карагуловго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |