Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 1
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган "Өчпөс от" эстелигинин айланасын улуу жеңиштин 72-жылдыгына карата реставирациялоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган "Өчпөс от" эстелигинин айланасын улуу жеңиштин 72-жылдыгына карата реставирациялоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган "Өчпөс от" эстелигинин айланасын улуу жеңиштин 72-жылдыгына карата реставирациялоо үчүн 117 174 (бир жүз он жети миң бир жүз жетимиш төрт) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ш.Х. Сидикова |