Загрузка документа…
Сүлүктү шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 15
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык (19-берене), Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди натыйжалуу пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктин объекттерин эсептен чыгаруу жана жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице-мэри Б.Э.Ташевге жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңештин муниципалдык менчик курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |
| Сүлүктү шаардык кеңештин 2017-жылдын 26- апрелиндеги №15 токтомуна 1-тиркеме |
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
I. Жалпы жоболор
II. Мүлктү эсептен чыгаруунун жалпы тартиби
III. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ишке ашыруу, демонтаждоо тартиби
IV. Жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул жобо муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу, ошондой эле эсептен чыгарылгандан кийин тескөө тартибин жөнгө салат.
1.3. Негизги каражаттарга тийиштүү төмөнкү муниципалдык мүлктөр бул жобонун колдонулуусуна туура келет: жумушчу жана күч машиналар жана жабдуулар, ченөө жана жөнгө салуу приборлор жана түзүлүштөр, эсептөө техникасы, транспорт каражаттары жана башка негизги каражаттар, ошондой эле 10 эсептик көрсөткүчкө чейинки наркы менен объекттер кошо жана бир жыл ичинде пайдаланылуучу муниципалдык менчик болуп эсептелген чарба шаймандар.
Муниципалдык имараттар жана курулмалар бул жобонун колдонулуусуна туура келбейт.
1.4. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) моралдык жактан эскиргенде (буюмдардын техниканын же башка илим чөйрөсүнүн заманбап деңгээлине туура келбегенде) же физикалык жактан эскиргенде (буюмдун сапаттары анын баштапкы абалына туура келбегенде);
б) аварияларда, табият кырсыктарында жана башка өзгөчө кырдаалдарда бузулуп калганда;
в) негизги каражаттарды уурдаганда, жоготуп алганда, жок кылынганда же бузулуп калганда, аларды андан ары калыбына келтирүү бир далай чыгымдарсыз мүмкүн эмес болгондо;