Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-апрели № 13/6-1
Кайыңды шаарынын аймагында малдарды идентификациялоо жүргүзүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын аймагында малдарды идентификациялоо жүргүзүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” катын карап чыгып, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 2017 – жылынын 17 – мартындагы № 40-Б буюрмасынын негизинде,Чүй облусунда малды идентификациялоонун бааларына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды идентификациялоо жүргүзүүдө төмөнкү баалар бекитилсин:
- Комплект бирканын баасы – 37 сом 72 тыйын.
- Аппликатордун баасы – 386 сом 72 тыйын.
- Фиксатордун жана регистратордун акысы – 30 сом (1 баш)
- Оператордун акысы – 10 сом (1 баш)
2. Кайынды шаарынын мэриясы малдын идентификация өткөнүнөн кийин гана мал жөнүндө тастыктама берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |