Редакцияот 23.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы

 

2017-жылдын 23-марты № 11

МТЗ-Беларус-82 тракторунун келишимин бекитүү жөнүндө

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, “МТЗ Беларус-82 тракторунун ” келишими жөнүндө айылдык кенештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманбек айыл өкмөтүндөгү “МТЗ Беларус-82 трактору ” боюнча 2016-жылдын 07-декабрь айында айыл өкмөт башчы Я.Молдобаев менен Таран-Базар айылынын тургуну Ж.Кебекбаевдин түзгөн келишими күчүндө калтырылсын.

2. Беларус-82 тракторунун ижара акысын келишимде көрсөтүлгөн убакта төгүү жагы Ж.Кебекбаевге милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Алимбетовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Тайгараев