Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №12 /1
Алай районунун окуучуларынын билим сапатын көтөрүүдө райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы мектептер менен бирге иш аракети жөнүндө.
Алай райондук Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунда окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында райондук билим берүү бөлүмү менен жалпы билим берүүчү мектептердин биргеликте аткарып жаткан иштери кетирилген кемчилдиктери белгиленип, канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2.Кетирилген кемчилдиктерди мектеп директорлору менен бирдикте жоюунун үстүндө иш алып барылсын, кабыл алынган токтом райондук билим берүү бөлүмүнүн кенешмесинде каралып, терең анализделип, конкреттүү жыйынтык чыгарылып көрүлгөн иш-чаралар боюнча билдирүүнү туруктуу комиссияга берүү райБББ башчысы Джээнбековдон талап кылынсын.
3.Окуу тарбиялык иштердин абалын мындан ары жакшыртуу максатында алдынкы иш тажрыйбаларды кеңири жайылтуу, мектептердеги усулдук кааналардын, олимпиадалык борборлордун натыйжалуулугун камсыз кылуу, бирикмелердин иштерин жандандыруу айрыкча билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көнүл бурулуп, бардык предметтерден үзгүлтүксүз тест менен иштөө өркүндөтүлсүн, окуучулардын ар тараптуу өнүүгүсүн камсыз кылуу максатында кошумча билим берүүнү уюштуруу мектеп директорлоруна аны үзгүлтүксүз көзөмөлдүккө алуу райондук билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4.Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсүнүн, тажрыйба алмашуу, өз ара сабакка катышуусунун, жаш кадрлардын кесиптик тажрыйбасын өркүндөтүүсүнүн чараларын көрүү, “Жылдын мектеби”, “Жыл мугалими” кароо-сынактарына катышуусун, “Жаңы муун” программасынын талаптарынын толук аткарылышына жетишүүнү уюштуруу райондук билим берүү бөлүмүнө жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5.”Мектеп, үй бүлө жана коомчулук” деген ураандын астында ата-энелер комитеттеринин ишин жандандыруу, окуучулар арасында укук бузууларга жол бербөө, окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулукту болтурбоонун алдын алуу максатында биргелешип иш алып баруу айылдык округ башчыларына, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмүнө, райондук ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6.Мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн мүмкүн болгон күч-аракетти жумшоо, көмөкчү чарбаларды өнүктүрүү, мамлекеттик эмес уюмдар, фонддор, эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө иш алып баруу айылдык округ башчыларына, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин
Алай райондук Кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |