Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №12/4
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын “Райондун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү” 13.04.2011-жылдагы № 95 каты жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун элинин “Райондун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү” Жобо жактырылсын. (Жобо тиркелет).
2.Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардында жана айылдык кенештерде бул жобонун талаптарын аткаруу, анын натыйжалуулугуна жектишүү айыл округ башчыларына, анын аппарат кызматкерлерине, айылдык кенештин депутаттарына, аксакалдар, аялдар, жаштар комитеттерине жана дин кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткаруу райондун бардык элинин, коомчулуктун, райондук, мамлекеттик администрациясынын, райондук Кенештин депутаттарынын, бардык мекеме жетекчилери жана кызматкерлеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук Кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |