Редакцияот 12.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

 

2017-жылдын 12-майы № 3

Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитованын сунушун кароо жөнүндө

Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитованын сунушун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитованын сунушу эске алынсын.

2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган эки бөлмөлүү үй менчикке сатылбасын, айыл Өкмөтүнүн балансасында калтырылсын жана кезекте турган үйү жок муктаж жарандаргга убактылуу жашап туруу үчүн берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев