Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-ноябрындагы №55/10-7 токтомдун редакциясына ылайык)
2017-жылдын 16-марты № 5/3-7
Шаардык кеңештин 2017 –жылга карата иш планы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017- жылга карата иш планынын долбоорун талкуулап чыгып, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы киргизилген өзгөртүүлөр менен кабыл алынсын. ( тиркелет)
Төрага | К. Уметов |
| №1- тиркеме Шаардык кеңештин 16.03.2017-жылдагы III сессиясынын № 5 / 3-7-токтому менен бекитилди |
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылга иш планы
№ п/п | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | Шаардык кеңештин 2017-жылга иш планы жөнүндө | 1 квартал | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
2 | Шаардык кеңештин Регламенти жөнүндө | 1 квартал | Кара-Көл шаардык кеңешинин фракциялары, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы ,шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын Депутаттык Этика Кодекси жөнүндө | 1 квартал | Кара-Көл шаардык кеңешинин фракциялары, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы ,шаардык кеңештин аппараты |
4 | Кара-Көл шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылда аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчету | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак –жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы шаардык кеңештин аппараты |
5 | Кара-Көл шаардык ММБнын 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө | I квартал | Мэр , муниципалдык менчик башкармалыгы ,шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, ,шаардык кеңештин аппараты |
6 | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2016-жылдагы такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
7 | Шаардык бюджеттин 2016-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө | I квартал | Шаардык мэрия , шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Кара-Көл шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшү жана 2018-2019 жылдарга божомолу жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
9
| Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга иш планы жана бюджети жөнүндө | I квартал | Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт комитети, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
10 | Кара-Көл шаарынын мэринин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө | II квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак –жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
11 | Кара-Көл шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү, айлана–чөйрөнү иретке келтирүү(лоток, каналдарды тазалоо, таштандыларды алып чыгуу) шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык иш-чаранын жыйынтыгы жөнүндө мэриянын билдирүүсү жөнүндө | II квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак –жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
12 | Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылда, 2017-жылдын 6 айында аткарылып жаткан иштери боюнча маалыматы | II квартал | Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы ,шаардык кеңештин аппараты |
13 | Кара-Көл шаардык спорт комитетинин 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчету | II квартал | Спорт комитетинин башчысы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы,шаардык кеңештин аппараты |
14 | Кара-Көл шаардык коомдук уюмдардын (жаштар кеңеши, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши) 2016 –жылда , 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчету | II квартал | Кара-Көл шаардык коомдук уюмдар, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы ,шаардык кеңештин аппараты |
15 | Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө 1 вице- мэрдин маалыматы жөнүндө | III квартал | Кара-Көл шаарынын 1- вице мэри, КИКнын башчысы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кара-Көл РЭТИ ,шаардык кеңештин аппараты |
16 | Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо , шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, жер комиссиясынын 2016-жылда , 2017-жылдын 6 айында аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы | III квартал | Шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, жер комиссиясы , муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты, |
17 | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2018-жылга долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүү | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
18 | Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин отчетун бекитүү жөнүндө | IV
квартал | Шаардык мэрия, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |