Редакцияот 06.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

2017-жылдын 6-июну № 8

Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында жер тилкесин трансформациядан өткөрүү боюнча документтерди даярдоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында жер тилкелерин аныктап чыгып, трансформациядан өткөрүү боюнча документтерди 3 айлык мөөнөттө даярдап Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Нарматов