Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

 

2017-жылдын 23-майы № 19

Киров айылындагы суу кампасына Көкөев Маматкалилдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү үчүн Киров айылынын тургуну Көкөев Маматкалилдин жеке күчү менен курулган суу кампасына ысым ыйгаруу боюнча Киров айылынын тургундарынын 2017-жылдын 15-майындагы жалпы жыйынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылында курулган суу кампасына “Маматкалил Ажы” атындагы суу кампасы деп ысым ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Х. Каныбаев