Редакцияот 19.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Биринчи Май айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 6-сессиясы

 

2017-жылдын 19-июлу № 20

Акча каражатын жылдыруу жана бөлүү жөнүндө

Бюджет, экономика, ишкердик иш боюнча комиссиянын төрагасы Э.А. Казакбаевдин Ак-Суу айылынын жолдорун оңдоого, №1 АОМ брусчатка коюга жана жылытуучу казанды оңдоого кредиттин жетишсиздиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жолдорду оңдоо үчүн жылдыруулар жүргүзүлсүн:

70629 бөлүгү – башка турак жана коммуналдык кызматтар

3112-31122290 беренесинен –1907,5 миң сом

2221-22211200 беренесине + 1907,5 миң сом

2. Жылытуучу казанды жана брусчатка коюу үчүн жылдыруулар жүргүзүлсүн:

70921 бөлүгү – орто мектептер

3112-31122290 беренесинен – 250,0 миң сом

2221-22211100 беренесине + 250,0 миң сом

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

С.У. Дунганов