Редакцияот 28.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 4-сессиясы

 

2017-жылдын 28-марты № 4

Бир тараптуу жол кыймылынын убактысын өзгөртүү жөнүндө

Кызыл-Адыр айылынын тургундарынын “Ч.Айтматов көчөсүндөгү жол кыймылы К.Осмоналиев көчөсүнөн тартып М.Айтматов көчөсүнө чейинки бир тараптуу жол кыймылдын убактысы жана күндөрү тууралуу” кайрылуусунун негизинде айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү жол кыймылы М.Айтматов көчөсүнөн тартып К.Осмоналиев көчөсүнө чейинки бир тараптуу (түндүктөн түштүктү карай) жол кыймылдын күндөрү жана убактысы төмөндөгүчө бекитилсин:

Күндөрү дүйшөмдү-жекшемби;

Убактысы саат 9:00-17:00;

2. Тишелүү жол белгилерин орнотуу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. тапшырылсын.

 

Төрага

А. Осмоналиев