Редакцияот 10.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы

 

2016-жылдын 10-августу № 23/2

Жаңы-Жол айылынын тургуну Тазабеков Табылдыга «Жаңы-Жол айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айылынын тургуну Тазабеков Табылдыга «Жаңы-Жол айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жаңы-Жол айылдык Ардагерлер Кеңешинин жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XX111-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айылынын тургуну Тазабеков Табылдыга «Жаңы-Жол айылынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

3.Токтом jany-jol.jalal-abad.kg .сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Э. Байышов