Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 20-январы № 8/3-3

Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2016 - жылынын атайын эсебинен калган бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин “ Кайынды шаарынын 2016 - жылындагы бюджетин аткаруу боюнча” маалыматын угуп, пландан тышкары 2016 - жылдын бюджетинин керише жагына каржы каражаттардын киришин эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2016 – жылынын бюджетинен калган атайын эсептин бош калдыктарын төмөнкү иш чараларды каржылоого уруксат берилсин:

- Мамлекеттик кызмат бөлүмү 10,2 миң сомду 2215 статьясына (башка кызматтарды алуу, канцелярдык жана чарба товарлары).

- Турак жай – коммуналдык чарба бөлүмү – 23,4 миң сомду 2231 статьясына (электр энергиясы үчүн акы төлөө.

- Бала бакча бөлүмү - 50,7 миң сомду 2215 статьясына (башка кызматтарды алуу) чарбалык буюмдар.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов