Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин 5- шайланган кезексиз 21-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 52

Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү максатында Кара-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда тузулгон келишим бекитилсин.

2.Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Максутов