Редакцияот 01.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 1-ноябры № 54

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январь жайыт мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу ички жайыт 1064 га

Сыртка жайыт 1275 га

Жалпы аянты 2339 га

Кара-Таш айылдык өкмөтү боюнча бардык жайыт аянты 2339 га

Кара-Таш айылдык өкмөтүнө караштуу жайыттарды башкаруу укугун

2009-жыл 26-январь жайыт мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Максутов