Редакцияот 16.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

 

2017-жылдын 16-июну № 9/2

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы Агротехсервис ишканасы көп жылдан бери иштебей турганына байланыштуу ишкананы жоюу боюнча

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги №13-8/145 буйругуна негиз Кара-Дөбө Агротехсервиси жоюлсун.

2. Агротехсервисти жоюу боюнча иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Абдурахманов