Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2017-жылдын 25-январы № 1
Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет)
2. Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин 2013-жыл 12-январь 1-сессиясынын 1-токтому менен кабыл алынган регламен күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бекибаев |
| Достук айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген |
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,”«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1.Достук айылдык кеңеши (мындан ары-айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө 21 депутаттардан ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүу органы.