Редакцияот 02.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын уюштуруу VI сессиясы

 

2017-жылдын 4-майы № 5/1                                                                             

 

 

Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн мал чарба адиси жѳнүндѳ

 

      Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн малчарба адисин конкурска чейин убактылуу дайындоо жѳнүндѳ Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж. Осмонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги  VI cессиясы

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

      1. Жаӊы-Жол айыл аймагында жеке менчик малдардын арасында оорулардын кескин кѳбѳйүп кеткендигине байланыштуу конкурстан ѳткѳнгѳ чейин мал чарба адисин убактылуу иштетип туруу жагы Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ сунушталсын.

     2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

     3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына  расмий  жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет  

 

     Тɵрага

 

 

Р. Дооранов

 

2.