Редакцияот 11.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясы

 

2017-жылдын 11-июлу № 19                                                                             

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы  жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл аймагында  жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ

 

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын  антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл  аймагында  жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ укук-тартиби мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын  антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл аймагында  жүргүзүлүп жаткан иштердин бар экендиги эске алынсын.

    2. Аткрылган иштер менен катар тѳмѳнкүдѳй милдеттер аткарууга алынсын:

       - Бѳлмѳлѳргѳ байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү,

       - Коррупцияга жол жок деген темада маалымат тактасына материалдарды жарыялап туруу,

       - Ижарага берилген жерлердин ижара акы жана налогдун тѳлѳм ченемдери боюнча маалыматтарды чыгаруу

       - Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу,

       - Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын  катышуусун активдештирүү,

      - Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын  маалымат базасын түзүү жумуштарын жандандыруу.             

 

 

   Тɵрага

 

Р. Артыкбаев

   

I сессиясы