Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы 8- сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 4
Нарын шаарындагы айрым мекемелерин оптималдаштырууга макулдук берүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
( Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1 , 2019-жылдын 26 февралындагы № 6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Нарын шаардык мэриясынын 2017-жылдын 17-февралында №31-б буйругу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланган шаардык мекеме, ишканалардын башкаруу схемасын, түзүмүн, милдеттерин жана штаттык бирдиктерин оптималдаштыруу, кызматкерлердин жана жумушчуларды кармоого бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды тартипке келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссия жогорудагы маселелер боюнча Нарын шаарындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктерин карап чыгып, Нарын шаарындагы айрым мекемелерди оптималдаштыруу маселесин колдошкон.
Нарын шаардык Кеңешинин кароосуна Нарын шаардык мунципалдык "Таза-Нарын” ишканасына жашылдандыруу мекемесин бириктирүү жана чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасын түзүү, алардын Жоболорун, штаттык бирдиктерин жана шаардын аймактык чектерин бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясы сунуш кат менен кайрылган.
Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын жана фракция башчыларынын кароосуна коюлуп, 3 жолку отурумда талкууланып, отурумда депутаттар жогорудагы маселени шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү менен жалпы депуттардын талкуусуна сунушташкан.
Нарын шаардык мунципалдык "Таза-Нарын” ишканасына Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесин бириктирүү жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасын түзүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин, ошондой эле шаардын аймактык чектерин бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26 февралындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26 февралындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26 февралындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жоюлуп,чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин.
(Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын (Жобо тиркелет)
(Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
(Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Нарын шаарынын аймактарга бөлүнүшу жана чектери бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
8. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына ташырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги IV чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №4 токтомуна №3 тиркеме |
Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасы жөнүндөЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын (мындан ары - НШММИ) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт.
2. Нарын шаардык мэриясы НШММИнын уюштуруучусу (учредитель) болуп саналат.
3. НШММИ Нарын шаардык мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги муниципалдык ишкана болуп саналат.
4. НШММИнын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону Нарын шаардык мэриясы жүзөгө ашырат.
5. НШММИ Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, муниципалдык менчикти башкаруу, жергиликтүү салыктарды жана башка жыйымдарды чогултуу жана Нарын шаардык мэриясы менен мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик менен компетенциясынын чектеринде калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелбейт.