Редакцияот 03.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 2-сессиясы

 

2017-жылдын 3-июлу № 2/2

Көк-Жангак шаардык мэриянын № 1-15/106 28.06.2017-жылдагы каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жерлерди жана обьектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жерлерди жана обьектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

Жусупова С.К. - Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри;

Талипов Р.Х. - Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;

Камбаров Ж.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;

Эргашев Ж.К.- Коммуналдык муниципалдык департаментинин бөлүм башчысы;

Дастанов А.Д.- Көк-Жаңгак шаарынын архитектору;

Усенов К.А.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;

Байдавлетов З.М.- Көк-Жаңгак шаардык кварталдык комитетинин төрагасы.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Маткаримов