Редакцияот 16.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезексиз он алтынчы сессиясынын (IV шайланган) жыйналышынын

 

2011-жылдын 16-июлу №16/1

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамын Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүнү сунуштоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандын элине, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына кайрылуусун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамын сунуш кылынган талапкерлердин ылайыктуулугун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезексиз он алтынчы сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча түзүлө турган Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган талапкерлердин курамы жактырылуу менен Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө сунуш кылынсын (Талапкерлердин тизмеси тиркелет).

 

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук

Кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов